FaLang Language Switcher

Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

 Кафеде мыйзамдуу сатып алынган лицензиялуу дисктер коюлат. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?

Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык. Чыгармаларды пайдаланууга карата автордук өзгөчө укуктар уруксат берүүнү жана тыюу салууну жүзөгө ашыруу укуктарын, анын ичинде төмөндөгү иш-аракеттерди билдирет:

чыгарманы жалпы элге көрсөтүүнү (жалпы элге көрсөтүү укугун);

чыгарманы жалпы эл алдында аткарууну (жалпы эл алдында аткаруу укугун);

Жалпыга көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпы маалымат үчүн кабарлоо деп, үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жерлерде, эркин кирүү үчүн ачык жерлерде түздөн-түзэфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү же техникалык каражаттардын жардамы аркылуу чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо түшүнүлөт, мында чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү бир жерден кабарланып жатканы, же башка бир жерде бир эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү кабарланып жатканы эске алынбайт;

Ошентип, кафе үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жай болгондугуна жана кафенин залында музыка жаңыртуу чыгарманы жалпы элдин алдында аткаруу болгондугуна байланыштуу кафенин ээси Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.

 

 Кафеде кабелдик телеберүү көрсөтүлөт жана кабелдик телеберүү уюмуна абоненттик төлөм төлөнүп турат. Ал эми кабелдик телеберүү уюму Кыргызпатентке автордук сый акы төлөп турат. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?

Кабелдик телеберүү уюму автордук жана чектеш укуктар объектилерин өзү колдонгону үчүн гана автордук сый акыны төлөйт жана телеканалдарды жеке көрүүгө гана уруксат берет. Кафеде болсо автордук укук объектилерин кайрадан кайталап коммерциялык максатта колдонуу болот жана кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук калем акы төлөөгө милдеттүү.

 

 Кафе жандуу музыканы колдонбостон радио же телевизордун жардамы менен гана музыка угузат жана музыка үчүн кардарлардан кошумча төлөм албайт. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы №488 Токтому менен бектитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” Жобосунун (мындан ары – Жобо) 11-пунктуна ылайык чыгармалар жана программалар жандуу же техникалык каражаттардын (телевизор, радиокабылдагыч, музыкалык борбор, магнитофон жана башка музыкалык добуш чыгаруучулар) жардамы менен аткарылгандыгына карабастан, көрүүчүлөр (келгендер) акы төлөп же бекер кирген бардык учурларда тең автордук сый акы эсептелинет. Ошондуктан кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү. 

 

 Кафеде музыкага тапшырык берген кардарлардан сый акы алып жандуу музыка аткарган артисттер келишим менен иштешет. Автордук сый акыны ким төлөшү керек – кафенин ээсиби же артистпи?

Жобонун 18-пунктуна ылайык, үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык эмес, адамдардын көп саны катышкан жерлерде же эркин кирүү үчүн ачык жерлерде эл алдында көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпыга маалымат берүү болгондо сый акы төлөөчү болуп аянтчанын (имараттын, салондун ж.б.) ээси эсептелет.

 

 Кафеде чет элдик авторлордун чыгармалары колдонулат. Бул авторлорго төлөнгөн каражаттар Кыргызпатент аркылуу кантип жетет?

Чет элдик автордук коомдор менен Кыргызпатенттин ведомстволор аралык өз ара өкүлчүлүк жөнүндө эки тараптуу түзүлгөн макулдашуулары бар. Ошол макулдашуулардын негизинде жылына бир жолу тиешелүү чет элдик автордук коомдорго автордук сый акылар которулуп берилип турат. 

 

 Кабелдик телеберүүнүн уруксаты бар жана алардын каналдарынан бергендиги үчүн телеканалдарга акысын төлөп турушат. Өз кезегинде автордук коомдор менен дагы лицензиялык келишимдери бар жана аларга автордук сый акы төлөп турушат. Кабелдик телеберүү уюму Кыргызпатент менен дагы лицензиялык келишим түзүүсү жана автордук сый акы төлөөсү керекпи?

Телекомпаниялар өзүлөрүнүн телеберүүлөрүнө тийиштүү гана чектеш укуктар объектилери катары укуктарын башкаларга бере алат. Ал эми автордук коомдордон алган телеберүүлөрдө камтылган автордук укук объектилерин (ырлар, клиптер, тасмалар ж.б.) трансляциялоо укугун алар үчүнчү тарапка өткөрүп бере албайт. Ошондуктан кабелдик телеберүү уюмдары Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү. 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2016-жылдын  1 ноябрь карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4399

Пайдалуу моделдер

34

Өнөр жай үлгүлөрү

6110

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10055

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42859

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Кыргыз Инвестициялык-кредиттик банкы 

Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча бөлүм: 999

ИСН: 01506199310061

Банктын идентификациялык коду: 128001

Эсеп: 1280010007085284